Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны өттү. Аталган жыйынга КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышты.
Жыйында партиянын жаңы жумушчу органдары түзүлгөнү маалым болду. Ошондой эле партиянын кезектеги 18-съездине даярдык көрүүнүн алкагында КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялык ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча КСДПнын комитеттери жөнүндө жобону бекиткен. Жалпысынан 7 комитет жана бир кеңеш түзүлгөнүн аталган партиянын юристи Нурбек Касымбеков билдирди.
"Алар: Партиялык көзөмөл комитети; Маалыматтык саясат жана үгүт иштери боюнча комитети; Укук маселелери, мыйзамдуулук жана шайлоо боюнча комитети; Жарандык коом жана саясий бирикмелер менен өз ара аракеттенүү боюнча комитети; Экономикалык, социалдык реформалар жана өнүктүрүү программалары боюнча комитети; Эл аралык байланыштар боюнча комитети; Жаштардын демилгелерин колдоо жана алдыга жылдыруу боюнча кеңеш түзүлдү.
Алдыда комитеттин курамы такталат. Комитетке прогрессивдүү адамдар, эксперттер келсе биз аларды карайбыз. Өлкөнү өнүктүрүүнү каалаган адамдар партиянын катарына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары өткөн жылы күз айларында партиялык билеттерди алмаштыруу боюнча чечим чыгарылган. Ошонун негизинде партиянын мүчөлөрүнүн так эсебин чыгаруу максатын көздөйт. Кээ бир адамдар партияга мүчө болуп кирип, байланышын үзүп койгондору бар. Аларга карата тактоо кирет. Эгерде жаңы партиялык билеттерди албаса, партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылат. Анткени партиянын тартиптерине баш ийиши керек. Учурда Кыргыз мамлекети боюнча 50 миңге жакын КСДП партиясынын мүчөсү бар", - деди Касымбеков.