Коммерциялык эмес IRI уюмунун 2018-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында, КСДПга болгон элдин ишеними төмөндөп кеткени белгилүү болду. Тактап айтканда, сурамжылоого катышкандардын 18 пайызы КСДПны колдой турганын билдирген. Ушул эле уюмдун мындан 4 жыл мурун жүргүзгөн иликтөөсүндө бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.
Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны өтүп, партия мурдагыдай таасирдүү болбой, анын катары суюлуп жаткандыгы боюнча сөз козголду. Буга партия өкүлдөрү кезинде өз кызыкчылыгын көздөп партияга киргендер эми артын салып кетишкенин айтышты. Жыйындын башталышына Алмазбек Атамбаев да катышып, өз сөзүндө "эң кыйын кездерде да партия күчүн сактап кала алат" деп айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай алабы?" деген собол салды.

Саясат таануучу
Сейтек Качкынбаев "КСДП деп азыр биз кимди түшүнөбүз, маселе ошондо болуп жатат" деп сөзүн баштады.
“Алмазбек Атамбаев айтып жаткан тазаланган КСДПны түшүнөбүзбү же Атамбаевсиз КСДПны түшүнөбүзбү? Учурда аталган партиядан үчөө бар. Биринчиси - Жогорку Кеңештеги азыркы курам, экинчиси - Атамбаев жаңыдан түптөп жаткан азыркы курам, үчүнчүсү - Атамбаевсиз КСДП болуп бөлүнүүдө. Азыркы эски курам Атамбаевге же Атамбаевсиз КСДПга кошулат. Менин оюмча, парламенттик шайлоонун алдында юридикалык жактан сот аркылуу талашканга чейин барышы мүмкүн. Бирок Атамбаевдин финансылык, маалыматтык ресурсу чоң. Парламенттик шайлоодо биринчи орунда болуп Жогорку Кеңешке кире албаса дагы, 2-3-орунда болуп киргенге мүмкүнчүлүгү чоң”, - деди Качкынбаев.
Саясий илимдердин доктору
Жолборс Жоробеков, саясий серепчи
Игорь Шестаков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Алишер Мамасалиев, жарандык активисттер
Адил Турдукулов, Алга Кылычовдун пикирлерин
бул топтомдон окуңуз.