Ысык-Көлдө милиция кызматкери жана анын 4 жаштагы кызы жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 22-февралда Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 29 жаштагы милиция кызматкери жана анын 4 жаштагы кызы каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 21:30 чамасында Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, милиция кызматкери айдап келе жаткан Ауди 100 унаасына урунган. "Автоунаада каза болгон милиционердин жубайы, 10 жаштагы кызы, 3 жаштагы уулу жана досу жубайы менен болгон. Алар оор абалда ооруканада жатат. Тойота Ленд Крузер унаасынын бир жүргүнчүсү дагы ооруканага жеткирилди”, - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nur777
2019-02-23 14:40:00
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
Жаракат алгандар сакайып кетсин..
+2
Nur777
2019-02-23 14:40:50
Каршы тилкеге чыккандын жазасын бериш керек,Крузак айдап озун крутой сезип келе жаткан да!
+3
patiydin
2019-02-23 18:53:11
Nur777,машина айдайсынбы билбеймго? Ар айдоочу жада калса жолбун иттида тебелеткиси келбей. Муну кырсык деп койот. Ошондуктан бул нерседен эч Ким коопсузданган эмес. Болгону отконго жакшы соз, калганына Ден соолук каалаш керек.
0
tursunbaev78
2019-02-23 23:08:27
patiydin,кырсык,бирок ошол кырсыктын себепкери өзүбүз болуп атабызда,сактанганды сактайт Аллах,бизде көпчүлүгү эрежени сактабайт,эрежелерди билбейт десе да болот,себеби күбөлүктү сатып алган,шашып айдашат,эрежени сактабайт,жыйынтыгында кырсыктар көп болуп атат
+2
Kroxa
2019-02-24 10:03:53
patiydin,кырсык бирок Сактансан сактайм дейт
+2
Nur777
2019-02-24 15:44:19
patiydin,тебелетпейм деп ойлойт бирок катуу ылдамдыкта журот,тебелетпейм деп каршы жолго чыгат,эч кимди тебелебейм соо элемин деп мас болуп алып рульга отурушат,анан результаты-олум,бироонун чырактай баласы,бироонун жубайы,бироонун алтындай биртууганы кете берет..
+2
Bazana
2019-02-23 21:12:48
Ото эле коп адам тыгылышып алган экен эледа.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-02-23 21:21:48
Арты кайырлуу болсун!Тобо кылдым,бирок эмнеге акыркы кундору бир уй булонун бир канча мучосу кайтыш болуп жатат?Аллах,жаш наристелерди коптук турдо албачы суранам
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан