Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу каза болгон жол кырсыгында жаракат алып, комада жаткан 20 жаштагы жаран көз жумду

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу каза болгон жол кырсыгында жаракат алып, Кочкор районунда ооруканада жаткан 20 жаштагы жүргүнчү Ырысбек Алибеков бүгүн, 16-ноябрда каза болду. Маалыматты маркумдун жакын достору SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалыматка ылайык, маркум бүгүн каза болгон. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

11-ноябрда төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болгону маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:

Жеңил унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган А. уулу Ж.;

2000-жылы туулган Ж. уулу К. Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын тургуну (жүргүнчү);

1993-жылы туулган Акжолтой Канатбек уулу (жүргүнчү);

1994-жылы туулган Изаард Канатова (жүргүнчү). Акжолтой Канатбек уулунун жубайы.

Ал эми аман калган жүргүнчү Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган А. Ы. аттуу тургуну болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
555-777
2019-11-17 00:06:15
Жаннаты болушсун баары Иншаа Аллах.
+5
iryi1
2019-11-17 01:38:59
Жараткан Тенир жаткан жерин жай кылсын.
-21
leilekstan_1987
2019-11-17 02:54:27
iryi1,жаратуучу тенир эмес Жараткан Аллах. Сенда Чычкан малайды (Арыстан Алай) Кудай деген кем акыл адашкандардан окшойсун
+17
muras111211
2019-11-17 08:39:23
Жайы Жаннатта болсун!
Ата эне бир тууган жакындарына сабр.
+7
tynara81
2019-11-17 22:45:00
Биздин айылдан болот экен. Жаңы айыл айылыбыз. Эртең тажыяга айтышты. Жаткан жери жайлуу болсун !
0
Asel69
2019-11-17 23:21:20
Жараткан Теңир кырсыктан сактасын.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан