Интернетке Асылбек Жээнбековдун журналистке "тарбияң барбы?" деп, анын суроолорун укпай тилдеп жаткан видеосу тарап, талкуу жараткан.
Анда журналисттин учурдагы депутат Асылбек Жээнбековго кандай суроо бергени тартылган эмес эле. Бирок эл өкүлү ага суроо берген журналистке жооп берүүнүн ордуна аны демиткенин көрүүгө болот. Ал журналистти: "Улуу катары мен силерге айтып жатам го. Сен кайдан болосуң? Тарбия көргөнсүңбү? Тарбия көрсөң кантип мындай мамиле кыласың? Ата-энең барбы?" - деп зекиген.
Журналист "эл ала албаган жоопту биз алып берели дейбиз" деп айтканга эле жетишкен. Депутат суроолорго жооп бербей турганын айтып кетип калган. Интернет колдонуучулар журналисттин берген суроосу кандай болгонуна кызыгуу артып, мындан тышкары Жээнбековдун журналистке карата жасаган мамилесин сынга алган. Анын чөнтөктөн колун албай сүйлөгөнү да сын-пикирлерди жаратты.
Мындан улам SUPER.KG порталы журналист Нуркыз Бакасова менен байланышып, Асылбек Жээнбеков кайсы суроого жооп бербей койгонун сурады.
"Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам Асылбек Жээнбековго Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Президент жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында бизге Асылбек Жээнбеков тууралуу айтылган кептерди фактылар менен айткыла дегени бар. Ал суроолорубузга жооп берсе биз экинчи тараптын пикири катары жарыяламакпыз. Бирок ал суроолорубузду укпай жооп берүүдөн баш тартты", - дейт "Ачык саясат" гезитинин журналисти Нуркыз Бакасова.
Видео 20-февралда тартылып, Опер.кг сайтына жүктөлгөнү маалым болду.