ЕАЭБде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган ЕАЭБде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган. Аталган макулдашуунун максаты - товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо чөйрөсүндө макулдашылган координацияланган саясат жүргүзүү. ЕАЭБдин алкагында товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо. Макулдашуу товарларды ЕАЭБ алкагында бирдей болгон идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибин аныктайт. Идентификациялык каражаттар менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечими менен бекитилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.