Бүгүн, 24-июлда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубалы Торомаматов Индонезиянын Кыргызстандагы элчиси Мохамад Асрухинди кабыл алды. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болуп, экономикалык, социалдык жана ишкердик чөйрөдө тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Элчи Кыргызстандан Индонезияга атайын программалардын негизинде окуулар болорун, Кыргызстан үчүн 10 адамга орун бар экенин билдирди.