Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна жөнөтүлдү. Анын абалы оор жана эсине келе элек. Бул тууралуу Талас облустук оорукананын директору Нурдин Усупбеков билдирди.
Анын айтымында, 23-февраль күнү 12 жаштагы ууланган баланын абалы жакшырып, үйүнө чыгарылган.
"Жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албай жаткан кызды Бишкектеги ооруканалардын бирине жөнөттүк. Бүгүн эртең менен абалын сураганыбызда эсине келе электигин айтышты", - деди Усупбеков.
Окуя 20-февралга караган түнү болгон. Андан бир күн мурун үй-бүлөнүн электр энергияга болгон карызы төлөнбөй, адистер электр жарыгын өчүрүп кетишкен. Буга байланыштуу алар үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып, андан чыккан иске ууланып калышкан. Жыйынтыгында үй ичинде уктап жаткан үй кожойкеси менен бир кызы каза болуп, 12 жаштагы уулу менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ал эми аталган үй-бүлөнүн 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кеткен монтёр менен инспектор жумуштан бошотулган.