Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн кырсыктан бир күн мурун 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен. Алар үй ичин жылытуу үчүн чакага от жагууга аргасыз болгон. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге "Түндүк электр" ишканасынан 21-февралда кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган үй-бүлө электр жарыгына болгон 2483 сом карызын төлөбөгөнү үчүн "Түндүк электр" ишканасы тарабынан 8-февралда эсеп дүмүрчөгү келип, бир жуманын аралыгында төлөө талабы коюлган. 19-февралда ишкананын аймактагы адистери барып карызды белгиленген убакытта төлөбөй койгону үчүн үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен. 2483 сом карыздын 2400 сому январь айындагы карызы болсо, калган бөлүгү 2018-жылдын декабрь айындагы карызынан калганы болгон.
"Аталган үй-бүлө 2018-жылдын июнь айынан бери карыздарын толук төлөбөй, улам кийинки айга жылдырып келген экен. Декабрь айында дагы толук төлөшкөн эмес. Январь айындагы карызы менен биригип жалпы 2483 сом карыздын дүмүрчөгү берилип, бир жуманын ичинде толук төлөө милдети коюлган. Бирок арадан 10 күн өтсө да төлөбөй койгону үчүн электр жарыгын өчүрүү зарылчылыгы пайда болгон", - деп билдиришти "Түндүк электр" ишканасынан.
Ошол күнү үй кожейкеси эки кыз, бир уулу үшүп калбасын деп үйдүн ичине чаканы алып кирип, ага от жагууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында андан чыккан иске түн ичинде уктап жатып ууланып калып, өзү жана бир кызы каза болуп калса, 12 жаштагы баласы менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда 12 жаштагы баласы эсине келип, кызы дале эсине келе элек.
Айрым маалыматтарга караганда, үй кожоюну ошол учурда улуу баласы менен Бишкектеги ооруканада болгон.