Журналист Кундуз Жолдубаева: "Депутат же мамлекеттик кызматкер болгондон кийин элге маалыматты ачык берип турушу керек"

Өткөн аптада интернет айдыңына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдунжурналистти "Тарбия көргөнсүңбү? Ата-энең барбы?" деп зекиген видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеодо эл өкүлүнө кандай суроо берилгени тартылган эмес. Кийинчерээк ал журналист "Ачык саясат" гезитинен экендиги белгилүү болду. Ал: "Сапар Исаковдунжактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам ага Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Бирок ал суроолорубузду укпай, жооп берүүдөн баш тартты", - деп билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Элдин атынан шайланып келген өкүлдүн ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?" деген соболуна журналист Кундуз Жолдубаева жооп берди.

Ал белгилегендей, депутат, чиновниктер журналисттерге ачык болушу шарт.

“Негизи ар бир жарандын маалымат алууга толук укугу бар. Депутат же мамлекеттик кызматкер болгондон кийин элге маалыматты ачык берип турушу керек. Эл өкүлдөрү жана чиновниктер журналисттер менен сүйлөшүп, ачык баарлашканга бара беришпейт. Менин оюмча, алар элди кызыктырган маалымат берүүдөн коркпошу керек. Маалыматты коомчулукка жеткирүү үчүн журналисттерге ачык болуусу зарыл”, - дейт Жолдубаева.

Коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Турат Акимов, Назгүл Мамытова, профессор Тилектеш Ишемкулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан