Өткөн аптада интернет айдыңына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун журналистти "Тарбия көргөнсүңбү? Ата-энең барбы?" деп зекиген видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеодо эл өкүлүнө кандай суроо берилгени тартылган эмес. Кийинчерээк ал журналист "Ачык саясат" гезитинен экендиги белгилүү болду. Ал: "Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам ага Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Бирок ал суроолорубузду укпай, жооп берүүдөн баш тартты", - деп билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Депутаттын ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?" деген соболуна коомдук ишмер Абды Сатаров жооп берди.
Ал өз көзүң менен көрбөгөн соң кандайдыр бир баа берүү оор деген ойдо.
“Абалга жараша болуп калган болушу мүмкүн. Мунуку туура же тигиники туура эмес деп айта албайм. Биринчи кезекте журналисттер мейли интервью алабы же башка кандайдыр бир суроо менен кайрылабы профессионалдык, нравалык принциптерин сакташы керек. Албетте, эгерде туура эмес өзүн алып жүрсө, туура эмес мамиле кылса, айрым учурларда башкача тон менен суроо берсе жооп берип жаткан адам тарабынан да ошондой жооп болот.
Чынын айтканда, учурда журналисттердин көбү өзүнүн профессионалдык нравалык принциптерин билбейт. Айта турган нерсе, журналисттер тарабынан көп учурда олдоксондук, тартипсиздик кетүүдө. Балким, ал киши башка абалда болгондур, анан орой суроо берилгендир. Анан биз, журналисттер “мындай кылды, тигиндей кылды” деп догуруна беребиз. Окуя чынында кандай болгонун катышпагандан кийин, өз көзүң менен көрбөгөн соң абалга баа берүү оңой эмес”, - дейт Сатаров.
Журналисттер Кундуз Жолдубаева, Турат Акимов, Назгүл Мамытова, профессор Тилектеш Ишемкулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.