“Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова: "Асылбек Жээнбековдон башкача мамиле күтүүгө болбойт"

Өткөн аптада интернет айдыңына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдунжурналистти "Тарбия көргөнсүңбү? Ата-энең барбы?" деп зекиген видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеодо эл өкүлүнө кандай суроо берилгени тартылган эмес. Кийинчерээк ал журналист "Ачык саясат" гезитинен экендиги белгилүү болду. Ал: "Сапар Исаковдунжактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам ага Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Бирок ал суроолорубузду укпай, жооп берүүдөн баш тартты", - деп билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Депутаттын ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?" деген соболуна “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова жооп берди.

Ал Асылбек Жээнбековдун колунда бийлик бар үчүн журналисттерге ушундай мамиле жасады деген пикирин билдирди.

“Колунда кызмат, бийлик бар. Андан ошондой эле мамилени күткөнбүз. Башкача мамиле күтүүгө болбойт. Агасы президент болгонго чейин журналисттерге болгон мамилеси тууралуу угуп, көргөн эмесмин. Ал анда белгилүү саясий фигура эмес болчу да. Биздин редакциянын журналисттеринин бере турган 2 суроосу бар болчу. Биринчиси, “Акыркы кезде Асылбек Жээнбеков парламентти башкарып алды деген сөздөргө кандай көз караштасыз?” деген суроо.

Экинчиси, Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы боюнча “Сотко чакыруу келсе барасызбы?” деп суроо беришмек. Бул редакциянын эле эмес, бүткүл Кыргыз жарандарынын күткөн суроосу. Ал “Ачык саясат” гезитине жооп бербейм” деп да айтыптыр”, - дейт Мамытова.

Коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Турат Акимов, Кундуз Жолдубаева, профессор Тилектеш Ишемкулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан