Өткөн аптада интернет айдыңына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдунжурналистти "Тарбия көргөнсүңбү? Ата-энең барбы?" деп зекиген видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеодо эл өкүлүнө кандай суроо берилгени тартылган эмес. Кийинчерээк ал журналист "Ачык саясат" гезитинен экендиги белгилүү болду. Ал: "Сапар Исаковдунжактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам ага Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Бирок ал суроолорубузду укпай, жооп берүүдөн баш тартты", - деп билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Депутаттын ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?" деген соболуна профессор Тилектеш Ишемкулов жооп берди.
Ал саясатчылар жана коомдук ишмерлер журналисттер менен тыгыз иш алып барса деген пикирин билдирди.
“Азыр кимдин башына муш тийбесин, акыры журналист күнөөлүү болуп калат. Анткени журналисттер жакшы сүйлөсө да, жаман сүйлөсө да жакпайт. Бул журналисттин ишинин татаалдыгынан кабар берет. Анткени журналист маалымат жеткирүү менен коомдун алдында жоопкер болуп саналат. Ошондуктан дүйнө боюнча журналистиканы төртүнчү бийлик деп тааныган. Кээ бир учурда журналисттер аныкталбаган маалыматтарды жазуу менен күнөөлүү болуп калат. Ошондуктан респондентке суроо берүүдө этияттык менен кайрылуу зарыл. Бирок саясатчылар болобу, коомдук ишмерлер болобу журналисттер менен пикир-келишпестиктерди жаратпастан тыгыз иштеши керек деп ойлойм”, - деди Ишемкулов.
Коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Турат Акимов, Назгүл Мамытова, Кундуз Жолдубаева, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.