Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргыз өлкөсүнөн чыгарылып кеткен акчанын 4 миллион 600 миң доллары кайтарылат

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргыз өлкөсүнөн чыгарылып кеткен акчанын 4 миллион 600 миң доллары кайтарылат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-февралда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди кайтаруу боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюшту.

Кол коюлган билдирүүнүн текстинде Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревичтин АКШда мыйзамсыз иши үчүн козголгон кылмыш иштерин тергөө учурунда табылган акчаларын кайтаруу белгиленген. Белгилүү болгондой, сот анын 6 миллион долларын конфискациялаган.

Элис Уэллс бүгүнкү жыйында конфискациялоо боюнча буйрукка ылайык, 6 миллион доллардын 4 миллион 600 миң доллары Кыргыз өлкөсүнө кайтарылып бериле турганын айтты.

Ал эми финансы министри Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтү Бакиевдердин учурунда уурдалган активдерди кайтаруу боюнча кошумча аракеттер көрүлө турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан