Өткөн аптада интернет айдыңына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдунжурналистти "Тарбия көргөнсүңбү? Ата-энең барбы?" деп зекиген видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеодо эл өкүлүнө кандай суроо берилгени тартылган эмес. Кийинчерээк ал журналист "Ачык саясат" гезитинен экендиги белгилүү болду. Ал: "Сапар Исаковдунжактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам ага Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Бирок ал суроолорубузду укпай, жооп берүүдөн баш тартты", - деп билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Депутаттын ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Ал Ак Үй базар эмес, депутаттар өздөрүн сабырдуу алып жүрүшү керек деген пикирде.
“Экс-спикер, президенттин бир тууганы, депутат Жогорку Кеңештин имаратында жүрүп, коомдун санитары болгон журналисттер кайрылса “тарбияң барбы?” дегени одоно көрүнүш. Журналисттердин ата-энесин сураганы дагы туура эмес. Депутат жоопкерчиликтүү адам болушу шарт. Анын журналисттерге өзүнүн үйүндө же базарда жүргөндөй мамиле жасаганы жат көрүнүш. Маалымат каражатынын өкүлдөрү өздөрүнүн кызматтарын аткарып жүрөт да. Ак Үй базар эмес, депутаттар өздөрүн сабырдуу алып жүрүшү керек. Журналисттер ага оор тие турган суроо берсе дагы сылык жооп бериши зарыл”, - дейт Токтонасыров.
Коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Турат Акимов, Назгүл Мамытова, Кундуз Жолдубаева, профессор Тилектеш Ишемкуловдун пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.