Журналист Турат Акимов: "Эл ишенип алып келген кишилер мындай маданиятсыздыгын көрсөткөнү туура эмес. Журналисттер да өзүнчө ыйык адам эмес"

Өткөн аптада интернет айдыңына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдунжурналистти "Тарбия көргөнсүңбү? Ата-энең барбы?" деп зекиген видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеодо эл өкүлүнө кандай суроо берилгени тартылган эмес. Кийинчерээк ал журналист "Ачык саясат" гезитинен экендиги белгилүү болду. Ал: "Сапар Исаковдунжактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам ага Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Бирок ал суроолорубузду укпай, жооп берүүдөн баш тартты", - деп билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Депутаттын ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?"деген соболуна журналист Турат Акимов жооп берди.

Ал депутат менен журналисттин ортосунда пикир-келишпестиктен да мындай окуялар орун алышы мүмкүн экенин айтты.

“Журналист эч нерсени түшүнбөй эле суроо бере берсе депутаттын дагы ачуусу келиши мүмкүн. Журналисттер өзүнчө ыйык адам эмес да. Депутат менен журналисттин ортосунда мурунтан пикир-келишпестик болуп жүргөндүр же ал тууралуу туура эмес маалыматтарды жазып койгондур. Чындыкты жазам деп жаман көрүнүп калган журналисттир. Буга себептер көп.

Журналисттердин депутатты кетип бара жаткан жеринен кармап алып суроо бергени да туура эмес. Анткени респондент менен алдын-ала макулдашуу керек. Бул иште кимиси күнөөлүү экенин айта албайм. Бирок Асылбек Жээнбеков эл өкүлү болуп канча жылдан бери бийликте жүрөт. Ошондуктан Жээнбековдун маданияты жогору болушу керек. Жөн гана Жээнбеков “мен азыр сурооңузга жооп бере албайм, кечирип коюңуз” деп басып кетиши керек эле. Ал журналист менен айтышып отурбай. Кыргыздын тагдырын чечем деген киши, өзүнө чоң жоопкерчилик алган. Президент, депутатты акылдуу, элдин тагдырын ойлойт деген таризде эл тандап алып келет. Эл ишенип алып келген кишилерибиз мындай маданиятсыздыгын көрсөткөн туура эмес”, - деди Акимов.

Коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Назгүл Мамытова, Кундуз Жолдубаева, профессор Тилектеш Ишемкулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан