Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйыны өттү.
Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын облустарындагы 31 калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.
“Эки күндөн кийин жаз башталат. Быйыл аймактарды санариптештирүү, өнүктүрүү жылы деп жарыяланды, Ал эми азыркыга чейин аймактарга бюджеттен эч кандай акча которула элек. Анан кайсы өнүгүү боюнча кеп козгоп жатабыз?” - деди депутат Айнуру Алтыбаева.