Депутат Тынчтыкбек Шайназаров саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алуу сунушун бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал Отуз-Адырдагы оорукана маселесин 7-8 жылдан бери көтөрүп келе жатканын айтты.
"Оорукана жетпейт, аны курууга каражат издеп жатабыз дейсиңер. Мына Отуз-Адырда даяр оорукана турат. Ошону мамлекеттин карамагына алып иштетсеңер болот да. Парламенттин жыйынында орун басарыңыз Мадамин Каратаевге дайыма ушул ишти айтам. Аныңыз эл көзүнө кыйратып жатабыз дегендей түр көрсөтүп келип кетет. Эгерде ушул маселени ордунан чечип бергениңерде жол тандабас эмес, вертолёт менен жүрсөңөрда азыр силерди колдоп турмакмын", - деди эл өкүлү.
Жыйында №296 протоколдук тапшырма тууралуу маалымат угулуп, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынган кызматтык унаасы боюнча талкуу болду.