Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында "Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Бул мыйзам долбоору боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Мырзабек Адылбеков баяндама жасады.
"Өтө оор эмес кылмыш жасаган жарандарды камакка алуунун ордуна коомдук жумуштарга тартуу жүргүзүлөт. Учурда тоок уурдагандар да соттолуп кетип жатат. Аларды соттобостон түзөтүү, коомдук жайларды тазалатуу сыяктуу мамлекеттик мекемелердеги жумуштарды жасатуу керек.
Пробация боюнча иштеген кызматтарда психологдор менен социалдык кызматкерлер иш алып барат. Абакта жаткандардын мөөнөтү бир жыл калганда пробация институтунун көзөмөлүнө алынат. Анткени абактан чыккан жарандардын көбүнүн паспорту жок, каякка барарын билбейт. Ар кайсы жерге кагылып-согулуп жүрүп, кайрадан кылмышка барат. Ошондуктан пробация институтунун кызматкерлери тарабынан абактагы жаза мөөнөтү аяктап калган жарандардын документтери боюнча тийиштүү уюмдар менен иш жүргүзүп, жакын туугандары менен байланышты жандандырып берет", - деди Адылбеков.
Депутат Мирлан Жээнчороев пробация институту тууралуу толук маалымат берилген жок деген жүйө менен күн тартибинен алып салуу сунушун берди.
"Сиз баяндаманын текстин жыйынга кирип келе жатып алган окшойсуз. Колуңуздагы маалыматты окуп бере албай жатасыз. Жогорку Кеңештин жыйынына даярданып келбейсизби?! Ошондуктан бул маселени бүгүн күн тартибинен алалы да, кийинки жумага жакшы даярданып келсин", - деди эл өкүлү.