Депутаттар курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору жыйынга даярданып келген эмес дешип сунуштаган мыйзам долбоорун кароону жылдырышты

Абдыкалык РустамовЖогорку Кеңеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Комитеттин отурумунда "Сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда каралууда.

"Силердин кызматкерлер тыюу салынган фреон пайдаланылып жатабы же тыюу салынган эмеси колдонулуп жатабы кантип айырмалайт? Кийин бул нерседен көйгөй чыкпайбы?" - деди депутат Акылбек Жапаров.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов: "Мындай көйгөй жаралбайт. Өлкөгө зыяндуу фреонду киргизүүгө тыюу салынып, бир гана зыянсыз фреондорду киргизүүгө уруксат берилет. Ал эми муздаткычтарда колдонулган зыяндуу фреон кийин зыянсызына алмаштырылат", - деди.

Депутат Айнура Осмонова: "Азыркы иштелип жаткан фреон менен зыянсыз фреондун баасы кандай болот? Айырмачылык болобу бул жерде?" - деди.

Буга агенттиктин директору да экономика министри да так жооп бере алган жок. "Баасы боюнча так айта албайм. Бирок айырмачылык деле болбойт", - деди Рустамов.

Буга депутат айым: "Силер жадакалса баасын билбей жатасыңар, анан биз эл өкүлдөрү кантип бул мыйзамды кабыл алышыбыз керек? Даярданып келүү керек!" - деди.

Депутаттардын сунушу менен агенттиктин директорунан даярданып келүүсү талап кылынып, бул мыйзам долбоорун кароо кийинки жумага жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан