Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде мыйзамсыз ташылып бара жаткан товарларды текшерүүнү мыйзамдаштыруу керек экени айтылды

Бүгүн, 26-февралда парламентте Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул мыйзам долбоору мыйзамсыз ташылып бара жаткан товарларга бөгөт коюу экенин билдирди.

"Учурда мыйзамсыз ташылып бара жаткан товарлар текшерилбей жатат. Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр бир гана айдоочулук күбөлүгүн текшерип коёт. Ал эми унаада эмне жүктөп бара жатканы тууралуу текшерүү жүргүзүлбөйт. Мына ошону текшерүү үчүн мыйзамдуу жагын киргизип койсок туура болот. Жүргүнчүлөр менен жүк ташуу эки башка иш болуп жатат", - деди Асанов.

Эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоору керек экенин айтышып, тармактык комитетте экинчи окууда кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан