19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салган. Буга картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгону айтылган. Кыргыз дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштерди сата албай жатканы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыга элек. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгону менен, чек аранын жабылышы, азык-түлүктөрдүн артка кайтарылышы сыяктуу көрүнүштөр болууда.
Ушул маселеге байланыштуу SUPER.KG порталынын "Казакстан Кыргыз жеринен айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө салган тыюусун ала элек. Өкмөт ЕАЭБдеги өлкөлөр менен тең ата иштеше албай жатабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жооп берди.
Эл өкүлү Казакстан кайсы продукциянын көлөмү көбөйүп баратса, ага тыюу салып койгонду өнөкөткө айлантып алганын айтты.
“ЕАЭБдин мүчөлүгүнө толук кандуу мамлекет катары бир топ келишимдерге, ошонун ичинде товарды эркин жүгүртүүгө макулдашуу жолу менен киргенбиз. Бүгүнкү күндө Казакстан Кыргыз мамлекетинин айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө бөгөт койду. Мындай көрүнүш жыл сайын кайталана турган өнөкөт болуп калды. Анткени Казакстан маркетингди, талапты ар дайым карап турат. Ошонун натыйжасында айыл чарба продукциясында эмне жетишпей жатканын жана көбөйүп кеткенин анализдеп турат. Эгерде кайсы бир продукциянын көлөмү көп кирип жаткан болсо, кандайдыр бир шылтоону таап туруп, кыргыз продукциясын ташып кирүүгө тыюу салып коёт. Мүмкүн биздин өкмөт Казакстандын өкмөтү менен иштешүүдө чабалдык кылып жаткандыр.
Бир жагынан Өзбек мамлекети картошканы албай жатканда, экинчи тарап боордош, союздаш деген Казак Республикасынын чек араны жаап коюшу биздин дыйкандарга ыңгайсыздыкты жаратты. Келечекте бизде да мамлекеттик маркетинг башкаруусу болушу зарыл. Анткени канча көлөмдө, кайсы продукцияны эксе болот, аны кандай жол менен өткөрөбүз деген системдүү түрдө иш болушу керек. Бүгүн өтпөй калса эле өрт өчүргүчтөй болуп чуркап жүрөбүз. Ал эми келечекте алдын-ала божомолду билип турушубуз абзел. Коңшу Казакстандын биздин продукцияларды ташып кирүүсүнө тыюу салып койгону сабак болду”, - деди Бакиров.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экономист Улук Кыдырбаев, фермер Манас Саматов, коомдук ишмерлер Эмил Үмөталиев жана Базарбай Мамбетовдун жообу төмөнкү шилтемеде.