Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоору аркылуу 12 мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Депутат Акылбек Жапаров: "Мамлекеттик органдар атайын эсепке чогулган каражатты каалаган учурда каалагандай чачып жатат. Мамлекеттик органдардын алдында ачылган атайын эсептердин баарын жаап, мамлекеттик каражаттын жумшалуусуна көзөмөлдү күчөтүү зарыл", - деди.
Буга Каржы министрлигинин өкүлү: "Жаңы мыйзам долбоорунун алкагында кабыл алынган Бюджеттик кодекстин ченемдерине ылайык, атайын каражаттар түшүнүгү жоюлуп, бюджеттик мекемелер тарабынан алынган демөөрчүлүк, кайрымдуулук, гранттык жардамдардан, ыктыярдуу салымдардан жана камкорчулук төгүмдөрдөн түшүүчү каражаттар топтоло турган атайын "казыналык эсеп" деген ченем киргизилүүдө", - деди.