Депутат Махабат Мавлянова: "Эки адамдын субъективдүү ою 6 миллион калктын баарына жооп бербейт"

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда жарандар Кыргыз өлкөсүндөгү сотторго, укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдиришкен.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова жооп берди.

Ал эки жарандын Орусиянын президентине кайрылабыз дегени туура эмес экенин айтты.

“Эки жарандын кайрылуусу менен эл Кыргыз бийлигине ишенбей калды деген туура эмес. Алты миллиондон ашык калктын баары Орусиянын президентине кайрылган жок. Бул жерде эки эле адамдын субъективдүү ою баарына жооп бербейт. Алар атайын провокация кылуу үчүн деле жазгандыр. Коомчулукта ушундай суроолор жаралсын, биздин көз карандысыздыгыбызга кедергисин тийгизсин дегендир. Алардын мындай кадамдары туура эмес”, - деди Мавлянова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Аалы Карашев, Марлен Маматалиев, жарандык активист Айбек Мырза жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан