Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда жарандар Кыргыз өлкөсүндөгү сотторго, укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдиришкен.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.
Ал эки жаран аргасыздан ушундай кадамга барган болушу мүмкүн деген оюн айтты.
“Мамлекеттик органдар айыл өкмөттөрдөн башталат. Ар бир көйгөйдүн чечилиши этап менен каралат. Эгерде айыл өкмөт чечип бере албаса, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер бар, алар чече албай жатса Жогорку Кеңеш, президентке кайрылат. Анткени көйгөйдүн чечилүү механизми ушундай болот. Биздин жарандар айтылган органдарга кайрылып, эч жактан жооп ала албай, айрым жерлерге кире албай калгандарында айласыздан мындай кадамдарга барды деп эсептейм. Бул биздин мамлекет жана өкмөт үчүн уят. Мындай иштерге жол берилгендиги өкмөт менен элдин ортосундагы байланыштын жоктугунан кабар берет”, - деди Маматалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Таабалды Тиллаев, Аалы Карашев, Марлен Маматалиев, жарандык активист Айбек Мырза жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.