Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 1958-жылы 28-февралда Ош шаарында туулган.
Ал 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономика адистиги боюнча, 1998-жылы ошол эле жогорку окуу жайын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
1979-1997-жылдары Ош облусунун аткаруу комитетинде ар кыл кызматтарда иштеген.
1997-2006-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенип, 2006-2007-жылдары "Ата ЛТД" ЖЧКсынын директору болгон.
2007-2008-жылдары Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
2008-2010-жылдары Жогорку Кеңеште консультант;
2010-жылы "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы жана "Биримдик Кыргызстан" демократиялык партиясынын төрайымы;
2010-2015-жылдары "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты;
2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
28-февралга карата жылнаама.