Илим Карыпбеков КТРКнын ишинен Текебаев эң көп жабыр тартканын моюнга алды

КТРКнын директору Илим Карыпбеков бүгүн кайрадан директор кызматына баруу үчүн койгон талапкерлигин алды. Буга байланыштуу ал билдирүү жазып, анда 4 жыл аралыгында аны менен аталган телеканалда бирге иштегендер, саясатчылар жана башка учурлар тууралуу сөз кылган.

Жазылган билдирүүдө Илим Карыпбеков учурда камакта отурган "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев жөнүндө да учкай сөз кылган.

"Өмүрбек Чиркешовичти өзгөчө бөлүп көрсөткүм келет. КТРКнын иши боюнча катаал сын-пикирлер, мага карата болгон ачык коркутуулар, ушак-айыңдарга жана КТРКнын ишинен эң көп жабыр тартканына карабай, ал менин дарегиме бир да жолу жаман сөз айткан жок. Жолугушуп калганда дайыма сылык, сый мамиледе болду", - дейт Карыпбеков.

Коомчулукта "Белизгейт" чуусу, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын иши КТРКда бир тараптуу чагылдырылганы талкуу жана сын-пикирлерди жаратканы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан