Экономист Айылчы Сарыбаев: "Жогорку Кеңеш шайлап берген өкмөт мүчөлөрү инвесторлорду качырды"

Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген соболуна экономист Айылчы Сарыбаев жооп берди.

Ал өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эч кандай аракеттер жасалган жок деген пикирде.
“Инвестициялык климатты өкмөт, күч органдары жакшыртышы керек. Чет өлкөдөн келген инвесторлордун коопсуздугун өкмөт, күч органдары камсыз кылышы шарт. Тескерисинче, Жогорку Кеңеш шайлаган өкмөт мүчөлөрү инвесторлорду качырды. Биздин өлкөгө ишенимди начарлатышты. Бул Жогорку Кеңештин чабалдыгы, алар дайындаган өкмөт мүчөлөрүнүн чабалдыгы деп эсептеш керек”, - дейт Сарыбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашова, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан