Депутат Зиядин Жамалдинов: "Бизде башка мамлекеттерге караганда инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн"

Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.

Эл өкүлү белгилегендей, Кыргыз мамлекетинде жумуш күчү, электр энергия, салык арзан болуп инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн.
“Жогорку Кеңеш инвестицияны тартуу жана жакшыртуу боюнча мыйзам чыгарат. Биз инвесторлорду тартпайбыз. Менин билишимче, бизде башка мамлекеттерге караганда инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн. Кыргыз мамлекетинде жумуш күчү, электр энергия, салыктар арзан. Ушундай жеңилдиктер бар”, - дейт Жамалдинов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашова, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан