Депутат Абдывахап Нурбаев: "Жогорку Кеңеште төраганын алдында ишкерликти колдоо боюнча атайын аянтча бар"

Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Ал парламентте ишкерликти колдоо боюнча бир топ иштер жасалып жатканын айтты.
"Жогорку Кеңеште төраганын алдында ишкерликти колдоо боюнча атайын Бизнес кеңеш түзүлдү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары болуп мен иш алып барам. Мындан тышкары ар бир фракциядан бирден депутат бар. Ошондой эле бул кеңешке Кыргыз мамлекетиндеги 20дан ашык бизнес ассоциациялардын өкүлдөрүн мүчө кылганбыз.
Ишкерликти колдоо боюнча атайын аянтчада сунуштар менен 6 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Эң башкысы Ачык асман саясаты жана Аба кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча бизнес кеңештин сунушу менен мыйзам кабыл алынып, президент кол койду. Бул кеңеш аркылуу өкмөттүн жана бизнестин өкүлдөрүн чакырып, кээ бир маселелерди ошол аянтчадан чечебиз. Азыр жеке камсыздандыруу компаниялары боюнча көп иштер жасалып жатат", - деди Нурбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, Айсулуу Мамашова, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан