Депутат Айсулуу Мамашова: "Жогорку Кеңеш инвестициялык климатты жакшыртууга жолдорду издегенге аракет кылып жатат"

Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берди.

Ал парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маселелерди көзөмөлдөп турарына токтолду.
"Жогорку Кеңеш инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жолдорду издегенге аракет кылып жатат. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маселелерди көзөмөлдөп жатат. Инвестицияга зыяны тийбей турган мыйзамдарды чыгарабыз. Салык кызматы, Бажы кызматы жакшы иштесе инвестициялык климат жакшы болот. Кээ бир учурларда айрымдар инвесторлордун кереги жок деп айтышат. Тышкы инвесторлор болбосо экономиканы өнүктүрө албайбыз. Чет өлкөдөн инвесторлор келсе жаңы технология, жумушчу орундар түзүлөт”, - дейт Мамашова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан