Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.
"Биринчи вице-премьер-министрге чейин жеттим, тышкы саясат башка жакта болгондуктан менин сунушум бүгүнкү күнгө чейин өтпөй келет. Мен Японияга бир облусту өнүктүрүү үчүн берели деп сунуштап жатам. Мисалы, Баткен же Нарын облусун берип, Япония бир эле облусту көтөрүп чыксын. Облустагы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын, жолдорду Япониядагыдай татынакай кылып чыкса жакшы болмок. Америка дагы бир облусту алсын. Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу. Бул боюнча сунуш кылып көрөйүн дедим. Сунуш өтпөсө мыйзам жазайын деп жатам", - дейт Жапаров.