Бүгүн, 1-мартта КСДП фракциясынын жыйынында депутат Искендер Матраимов "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын кереги барбы? деп сурады. "Улуттук энергетикалык холдинг" түзүлүп жатканда 15 кызматкер болору айтылган, азыр 40тан ашык кызматкер бар. Кадрлардын сапаты кандай болуп жатат? Бул компаниянын кереги барбы? Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети бар", - дейт депутат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, маселе боюнча талкуулар жүрүп жатат. "Бул дайыма баарыбызды түйшөлткөн суроо. Маселе тийиштүү комитетте, өкмөттө талкууланды. Топ түзүлүп жатат, каалоочулар кошулса болот. Өкмөт 3 сунушту карап жатат. Көпчүлүк Энергетика министрлигин кайрадан түзүүнү сунуштоодо. Бирок министрлик менен "Улуттук энергетикалык холдингдин" функциясы эки башка. Компания чарба иштери менен алектенсе, министрлик саясат жүргүзөт", - дейт Боронов.
Жыйында өкмөттүн энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетика секторун өнүктүрүү багытындагы иши жөнүндө маселе каралууда.