"Электр энергиянын техникалык жоготуусу 12 пайызга чейин төмөндөдү" дейт биринчи вице-премьер

Электр энергиянын техникалык жоготуусу 12 пайызга чейин төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта КСДП фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Кубатбек Бороновдун айтымында, электр энергиясына карата тарифтин өтө төмөндүгү энергетикалык компаниялардын абалына терс таасирин тийгизүүдө. “Эгерде электр энергиясынын кошумча булактары тартылбаса, алдыга коюлган милдеттенмелердин өтөөсүнө чыгуу кыйын. Электр кубатын пайдалануунун көлөмү жыл сайын өсүүдө.

"Акылдуу эсептегичтер" коюлганча энергиянын техникалык жоготуусу 22 пайыздын тегерегинда болчу, учурда 12 пайызга чейин төмөндөдү. Азыр электр кубатын өндүрүүнүн баасы 1 сом 40 тыйынды түзөт. Демек, ал өзүн актаган жок. Ошондон улам энергетикалык компаниялардын абалы оорлоп, эл аралык каржы уюмдарынан насыя алууга аргасыз болуп жатабыз. Биз жаӊы тарифтик саясатты иштеп чыгып, өлкөнүн энергетикалык тармагында реформа жасашыбыз керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан