Мамлекеттик материалдык резерв фонду быйыл дыйкандардан буудайды 13 сомдон сатып алат. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев бүгүн, 25-июлда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, быйыл Материалдык резерв фонду 20 000 тонна буудай, “Агропродкорпорация” 5000 тонна, “Кара-Балта” спирт заводу төмөнкү сапаттагы 25 000 тонна буудай сатып алат. Дыйкандардын ыңгайлуулугу үчүн Материалдык резерв фонду каражатты банктардын бирине которуп, дыйкандар акысыз эсеп ачуу менен акчаларын ошол жерде ала тургандыгын кошумчалады министр.