"Экс-президент, УКМКнын мурдагы башчысы жана мурунку баш прокурор жоопко тартылышы керек", - деп бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев айтты.
"Биздин комитет 3 жыл аралыгында 30га жакын саясатчы камакка алынганын аныктады. Алардын дээрлик баары мурдагы бийликтин оюна кошулбагандар же аны колдобогондор.
Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик доорунда бийликти толугу менен басып алган. Укук коргоо органдарын да өзүнүн колуна алган. Учурда биздин комитет Башкы прокуратурага арыз менен кайрылуу үчүн тиешелүү документтерди топтоп жатат. Атамбаев жоопкерчиликке тартылышы керек. Аны менен бирге мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев да жоопкерчиликке тартылууга тийиш", - деди Аргынбаев.