Ант берген күндөн тарта жыйынга келбеген депутат качан мандатынан ажыратыла турганы белгисиз. Учурда ал Алматыда дарыланууда

Ант берген күндөн тарта жыйынга келбеген депутат Насыр Мусаев качан мандатынан ажыратыла турганы белгисиз.

Депутат Канатбек Исаев фракциялашы Насыр Мусаев Алматы шаарында ооруканада жатканын айтты. "Ооруп жаткан кишинин артынан түшпөш керек. Биз эсептеп көрсөк 20 күнгө жакын жыйынга катышпаптыр. Учурда Алматыда дарыланып жатат. Ишин аткара албай турганы далилденсе мандатынан ажыратылышы мүмкүн. Бул маселе мыйзам чегинде чечилет", - дейт Исаев.

Былтыр 18-апрелде Насыр Мусаев Жогорку Кеӊештин жыйынында ант берген. Ал депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген.

Ант берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы менен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан