Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов аймактарды чет өлкөлөргө бөлүп берүү тууралуу: "Эл башкарам деген эл өкүлдөрүнүн бул айтканы уят"

Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштаганы коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.

"Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу", - деди ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин өкүлү Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Эгемендүү өлкөгө мындай демилге туура келеби?" деген соболуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов жооп берди.

Анын айтуусунда, кичинекей элди багып ала турган кыргыздын билимдүү жигиттери ичип-жегенден башканы ойлобой отурушат.
“Эл башкарам деген эл өкүлдөрүнүн бул айтканы уят иш. Колумдан келет деп бир ишти алып, кайра жасай албай калдым деп ыргытып жиберген бала сыяктуу болуп жатат. Коомчулукка ушинтип айтсак, алардын реакциясы кандай болот экен, эгер эл макул болсо облустарды башка өлкөлөргө тарата салып, ошол жактан акча өөнөй калсак деген ойлору болду.
Кичинекей элди багып ала турган сомодой болгон кыргыздын билимдүү жигиттери ичип-жегенден башканы ойлобой отуруп, кыргызды барар жери жок туңгуюкка кептеп жатышат. Карапайым адамдар мамлекеттин келечегин ойлоп жатышканда депутаттардын бийликке барып алып айткан кептери адамдын жинин келтирет. Эл ушинтип "бизди чилдей таратып жибергиле, ар кимдин колуна салып бергиле" деп шайлады беле? Бул баарыңардын оюңарбы же жалгыз эле Жапаровдун оюбу? Өзүңөрчө кеңешип алып, анан айтып жатасыңарбы? Мындай кыларыңар анык болсо, эмне үчүн тоо-таштын баарын бүлүнтүп, ар кимиси көк бөрү тарткансып туш-тушка уурдай качып, карызга белчебизден бата электе айтпайсыңар? Эмне үчүн өзүңөр укум-тукумуңарга чейин жетерлик байлык топтоп, келечегиңерди куруп алганча айтпайсыңар? Уят деген барбы силерде?!” - дейт Абылов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан