Жарандык активист Адил Турдукулов: "Жапаров келген гранттарды чар-жайыт кылбай туура багытта пайдалануу керек деген ойду айткан"

Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштаганы коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.

"Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу", - деди ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин өкүлү Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Эгемендүү өлкөгө мындай демилге туура келеби?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Ал эл өкүлүнүн мындай билдирүүсү жүйөлүү иш экенин айтты.
"Депутат Акылбек Жапаровдун билдирүүсү жарым-жартылай коомчулукка жарыяланып кетиптир. Андан кийин Жапаровдун билдирүүсүн окудум. Анда ою башкача экен. Ал ар кайсы жактан келген гранттарды чар-жайыт кылбай бир багытта, ар бир облуска бөлүштүрүлсө туура болот деген ойду билдириптир. Эл өкүлүнүн мындай билдирүүсү менин оюм боюнча жүйөлүү эле иш. Анткени ал дагы иштин кандайдыр бир жолун таап жатат. Мисалы, мен Кыргыз мамлекетинин Япониядагы элчилигинде иштегем. Ошол учурда Ысык-Көл облусунда кураторлук кылчумун. Көп ишкерлер инвестициясын Ысык-Көлгө тартса, туризмге салым болсун деген багытта иш алып барчубуз. Депутаттын айтканы нормалдуу эле иш", - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан