Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштаганы коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.
"Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу", - деди ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин өкүлү Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Эгемендүү өлкөгө мындай демилге туура келеби?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.