Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы асылдуулугу төмөн 500 гектар айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча коомдук талкуу өтүүдө

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча” коомдук талкуу өтүүдө.

“Өлкөдө 1 миллион 200 миң гектар сугат-айдоо жер, 444 миң гектар кайрак жер, 9 миллион 200 миң гектар жайыт жерибиз бар. Айрым жерлерде сол жагы айдоо, оң жагы айдоо, ортосунда 5-6 метр жер жайыт болуп калган. Жалпысынан өлкө аймагында 500 гектар жер аянтын таш баскан жана алар тоюту жок жерлер болуп эсептелет.

Аймактарда канткенде асылдуулугу төмөн жерлер көбүрөөк пайда алып келет? деген суроонун айланасында коомдук угуулар болуп өттү. Бул багытта айыл жергесине пайда алып келүү ниетинде айрым мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргиздик. Бул мыйзам долбоорун ишке ашырып, көбүрөөк пайда алып келе турган жагын карап, жерлерди айыл чарба багытында көп жылдык колдонууга берүүнү көздөп жатабыз", - деди депутат Мирлан Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан