Жогорку Кеңештин экс-спикерлеринин кеңеши түзүлдү. Алар мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап бийликтегилерге сунуш киргизип турушат

Жогорку Кеңештин экс-спикерлеринин кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков билдирди.

"Бул кеңеш Ахматбек Келдибеков спикер болуп турганда эле түзүлгөн. Бирок ал кезде саясий климат башкача болуп, башкалардын үнү угулбай ишке ашпай калган. Кеңештин максаты - Кыргыз мамлекетиндеги айрым орчундуу маселелер боюнча бири-бирибиз менен акылдашып, бир пикирге келүү. Бул уюм экономика, социалдык маселелер боюнча өкмөткө кайрылып, саясий маселе болсо президентке кайрыла тургандай мүмкүнчүлүк болсун деген идея менен түзүлдү. Кеңештин төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов, анын орун басары катары Ахматбек Келдибеков шайланды", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын жыйыны өткөн. Кадырбековдун айтымында, Чыныбай Турсунбеков жана Адахан Мадумаров иш сапары менен башка жакта жүргөндүктөн жыйынга барган эмес. Ошону менен катар эле чогулушка Өмүрбек Текебаев камакта болгондуктан катышкан жок. Калган экс-спикерлер жыйынга катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан