Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондуна Кыргыз өлкөсүнөн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Маалыматка ылайык, жарлык КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун уставы боюнча 2006-жылы 25-май күнү Дүйшөмбү шаарында кол коюлган келишимге ылайык аткарылды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, КМШнын аткаруу комитетине жана КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча эл аралык фондунун аткаруу дирекциясына Азамат Жаманкуловдун дайындалышы боюнча маалымат берүү тапшырылганы жазылат билдирүүдө.