Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызы эсине келе элек

Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызы дале эсине келе элек. Бул тууралуу Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунан билдиришти.

Дарыгердин айтымында, кыздын ооруканада жаткырылганына бир жума болду.

"Кыз катуу ууланган. Анын мээси катуу жабыркаган. Мындан улам эсине келиши көп убакытты алууда", - деди борбордон.

Окуя 20-февралга караган түнү болгон. Андан бир күн мурун үй-бүлөнүн электр энергияга болгон карызы төлөнбөй, адистер электр жарыгын өчүрүп кетишкен. Буга байланыштуу алар үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып, андан чыккан иске ууланып калышкан. Үй ичинде уктап жаткан үй кожойкеси менен бир кызы каза болуп, 12 жаштагы уулу менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Ал эми аталган үй-бүлөнүн 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кеткен монтёр менен инспектор жумуштан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aliya-leyla
2019-03-04 15:36:58
Ошол монтёр менен инспектордон мурун начальнигин иштен алыш керек эле. Толобосо очургуло. Болбосо айлык бербей коюшат. Алар да оз иштерин кылган начальствосун угуп
+4
Kesh.26
2019-03-04 15:42:22
aliya-leyla, эч кимди иштен алыштын кереги жок. бочкага от жагып уйуно алып кирип алган мээси жок аялды тарбиялаш керек эле. тилеке каршы эми кеч.
-3
Sary-Bala
2019-03-04 18:00:29
Kesh.26, акылын барбы? Балдары ушуп атса кантип чыдап отурат же сага пох деп отура бересинби?
+4
Aikaaaa
2019-03-04 16:02:24
Өзүлөрү эле өлөлү деп чечишкен го, болбосо чоң эле аял, төрт баланын энеси кантип ошондой жорук кылмак эле
Жөн жерден эки семья жеп аткан нанынан ажырашты, жумушсуз калды, бирөөлөрдүн шалаакылыгынан
-6
Arsenal93.
2019-03-04 22:04:36
Aikaaaa,далбаебсан далбаебсан деген ырды уктун беле узбекче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан