Депутат Мирлан Бакиров: "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлиги түзүлсө, бири-бирин кайталаган аппарат кызматкерлери кыскарат"

2015-жылдын ноябрь айында парламенттин VI чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. Мунун негизинде ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Кийин министрликтин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы түзүлүп, андан бери бул тармакта бир топ кемчиликтер кеткени айтылып келди. Эми депутаттар өздөрү "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюуну сунуштап, анда 43 бекерчи отурат деп сынга алышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жооп берди.

Ал Кыргыз мамлекетинде энергетика системинин абалы жакшы эмес экенин айтты.

“Бүгүнкү күндө энергетикалык холдингдин 100 миллиард сомдун тегерегинде карызы бар. Ошол эле мезгилде борбордогу жылуулук электр станциясы чыгымы көп ишкана болуп саналат. Убагында энергетикалык холдингди бир эле министрлик тескеп турган. Тактап айтканда, өндүргөндү, жеткиргенди жана сатканды дагы бир министрлик башкарып келген. Мындай башкаруу мобилдүү болчу. Мен Улуттук энергетикалык холдингди жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин калыбына келтирүүгө макулмун. Себеби бир министрлик сатканды да, өндүргөндү дагы башкарып калса, бир топ чиновниктер, бири-бирин кайталаган аппарат кызматкерлери кыскарат. Мындай кадамдар бюджеттик каражатты үнөмдөп, башкарууга жеңил болот”, - деди Бакиров.

Энергетика боюнча эксперттер Сапарбек Аргынбаев, Расул Умбеталиев, экс-министр Картайбек Муканбетов, саясат таануучу Орозбек Молдалиев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан