Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, Кыргызстанда коммерциялык багыттагы кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метрге болгон орточо баасы июнь айында 20 173 сомду түздү. Аксы районундагы коммерциялык кыймылсыз мүлктүн баасы Бишкекке салыштырмалуу кымбат болгону белгиленди. Башкача айтканда, аталган багыттагы мүлктүн 1 чарчы метри борбор шаарда 30 098 сом болсо, Аксыда 56 317 сомду түздү. Башка аймактардагы баалар төмөндө:
Ак-Суу районунда 28 692 сом
Аксы районунда 56 317 сом
Аламүдүн районунда 15 065 сом
Ат-Башы районунда 20 682 сом
Балыкчы шаарында 12 902 сом
Бишкек шаарында 30 098 сом
Жалал-Абад шаарында 4 280 сом
Жайыл районунда 9 580 сом
Ысык-Ата районунда 7 265 сом
Ысык-Көл районунда 17 118 сом
Кадамжай районунда 5 833 сом
Кара-Суу районунда 5 012 сом
Кемин районунда 7 314 сом
Лейлек районунда 15 115 сом
Москва районунда 8 977 сом
Ноокат районунда 14 776 сом
Ноокен районунда 13 662 сом
Ош шаарында 14 948 сом
Панфилов районунда 19 531 сом
Сокулук районунда 15 246 сом
Таш-Көмүр шаарында 1 173 сом
Тогуз-Торо районунда 5 681 сом
Тоң районунда 13 729 сом