Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев: "Улуттук энергетикалык холдинг" түзүлгөнүнө үч жыл болсо да алдыга жылыш болгон жок"

2015-жылдын ноябрь айында парламенттин VI чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. Мунун негизинде ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Кийин министрликтин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы түзүлүп, андан бери бул тармакта бир топ кемчиликтер кеткени айтылып келди. Эми депутаттар өздөрү "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюуну сунуштап, анда 43 бекерчи отурат деп сынга алышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?" деген соболуна энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев жооп берди.

Ал Энергетика министрлиги түзүлүшү керектигин айтты.
“Үч жылдан бери “Улуттук энергетикалык холдинг” жакшы иш көрсөткөн жок, реформа, алдыга жылыш болгон жок. Коопсуздук кеңештин жыйынында президент холдинг түзүлсө да жакшы иш жүрбөгөнүн айтып, баасын берген. Энергетика министрлигин түзүүнү кайра карап чыгуу керек. Мен да министрлик түзөлү деп сунуштап жатам. Мунун бирден бир себеби - министрлик түзүлсө саясий орган болот. Тышкы жана ички саясатты Энергетика министрлиги жүргүзөт. Коңшу мамлекеттерде да Энергетика министрлиги бар. “Улуттук энергетикалык холдинг” чакан ишкана болуп, башка мамлекеттин министрлигине тең ата болуп сүйлөшө алган жок”, - дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, энергетика боюнча эксперттер Сапарбек Аргынбаев, Расул Умбеталиев, экс-министр Картайбек Муканбетов, саясат таануучу Орозбек Молдалиев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан