Парламент комитетинде коомдук тартипти коргоо максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 5-мартта парламент комитетинде коомдук тартипти коргоо максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоору адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти коргоо максатында иштелип чыккан. "Таза коом" өкмөттүн программасынын алкагында "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууга багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралат.

Демилгечи катары юстиция министри Марат Жаманкулов, экономика министри Олег Панкратов жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов чакырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан