Биз социалдык тармакта

Депутат билим берүү тармагында иштегендерге ипотекалык насыя берүүнүн жолун жеңилдетүү керектигин айтты

Депутат Абдывахап Нурбаев билим берүү тармагында иштегендерге ипотекалык насыя берүүнүн жолун жеңилдетүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. "Мугалимдердин арасында 6-8 миң сом айлык алгандар бар. Алар ипотекалык насыя алуу үчүн 15 миң сом айлыгы болушу керек. Пайыздык үстөгү да жогору. Ошондуктан бул маселени карап чыгуу керек деп айтканбыз", - дейт Нурбаев.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев насыя берүүнүн жолдорун жеңилдетүү боюнча маселе каралып жатканын айтты.

Жыйында "Кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2017 жана 2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан