Депутат мугалимдердин айлыгын 30 миң сомго чейин көтөрүү керектигин айтты

Депутат Карамат Орозова мугалимдердин айлыгын 25-30 миң сомго чейин көтөрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан ипотекалык насыя ала албай турганын белгиледи. "Аймактарда мугалимдер жетишсиз. Ал жерге мугалимдердин үйүн куруу керек. Алар барып батирдин акчасын төлөгөндөн кыйналып калышат. Мугалимдердин айлыгын 25-30 миң сомго чейин көтөрүү зарыл", - деди ал.

Мындан тышкары депутат эмне үчүн жер сатып алууга ипотекалык насыя берилбей турганын сурады.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев үй сатып алууга жана жеке менчик турак жай курууга гана насыя бериле турганын билдирди.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2017 жана 2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан